КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТ МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН МАТЕРИАЛДЫК БААЛУУЛУКТАРЫН УЗАК МӨӨНӨТКӨ САКТОО ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАНЫ БЕКИТТИ
- Подробности
- Категория: Жаңылыктар
- Жарыяланган: 16.05.2016 08:03
Өкмөт мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын узак мөөнөткө сактоо жөнүндө нускаманы бекитти. Тиешелүү токтомго Вице-премьер-министр Олег Панкратов кол койду.
Нускама Кыргыз Республикасынын жооптуу сактоочу ишканаларында узак мөөнөткө сактоого салынган мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөттөрү, шарттары, аларды кабыл алуу, кампага жайгаштыруу жана сапатын контролдоо тартибин аныктайт.