Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ун тартуучу комбинатынын ачылышы боюнча пресс релиз
- Подробности
- Категория: Новости
- Жарыяланган: 30.11.2024 08:00
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-августундагы №947-б буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ун тартуучу комбинатынын имараты жана жанаша жаткан аянты 5 105 чарчы метр түзгөн жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары – Фонд) ыкчам башкаруусуна кабыл алган.
Тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзөт жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1- жана 2-сорттогу унга болгон муктаждыгын, ал эми түндүк-түштүк альтернативалык жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын камсыздайт.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын кабыл алуу, сактоо жана кайра иштетүү боюнча баардык тепкичтерин камсыздоого мүмкүндүк берет жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө азык-түлүк буудай данын Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна түз тапшырууга мүмкүндүк түзүлөт жана мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөйт.