Фотогалерея

 

 

Улуттук тазалык күнүнө карата ишембилик өткөрүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 20-сентябрында өткөрүлгөн республикалык ишембиликтин алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратынын жана башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан ишембилик өткөрүлдү.

     Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарындагы Фонддун борбордук базасынын жана башкармалыктардын айланасында санитардык тазалоо, аймакты көрктөндүрүү жана топтолгон таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлдү.