Жүк ташуучу унаалар сатып алынды
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары-Фонд) жергиликтүү өндүрүштү колдоо үчүн ата-мекендик өндүрүүчү “Шумкар Трансулуттук корпорациясы” ААК менен макулдашуулардын негизинде эки тараптуу келишим түзүлүп, Фонддун өз каражаттарынын эсебинен жүк ташуучу унаалар сатып алынды. Бул оор жүк ташуучу унаалар материалдык баалуулуктарды өз убагында жеткирүү, сатуу жана ички рынокту азык-түлүк менен камсыздоо үчүн, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Балыкчы шаарындагы түндүк аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Фонд 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервин өнүктүрүү стратегиясын аткаруу алкагында иштеп жаткан автопаркты оор жүк ташуучу унаалар жана башка атайын техникалар менен кеңейтүү менен өзүнүн автопаркын жаңылоо жана модернизациялоо стратегиясын ишке ашырууну улантууда.