Фотогалерея

 

 

Урматтуу асылзат апалар, айымдар, эже-карындаштар!

   Урматтуу асылзат апалар, айымдар, эже-карындаштар!
Сиздерди, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Жер жарылып, көк чыгып, теребел көрктөнө баштаганда биздин мээрман энелерибиз, айымдарыбыз, эже-карындаштарыбыз өз майрамын белгилеп келет.
   Урматтуу Айымдар!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Сиздердин мээрим, сиздердин жылуулук менен дүйнө бүтүн, дүйнө сулуу болуп жашоо уланат.
Сиздер бар жерде ынтымак-ырыскы, тартип, тынчтык, береке жылоолойт!
Ар бир аялзатына бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, назиктик жана сулуулук каалаймын!
Бар болуңуздар, алтын саамай асылзаадалар!
 

2023-жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу жыйын болуп өттү

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 2023-жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйынды Фонддун төрагасы Мусабеков  Базарбай Абдыкеримович  ачып,  2023-жыл Фонд үчүн өтө жемиштүү жана көптөгөн ийгиликке жетишкен жыл болгондугуна кеңири токтолуп,  кирип келген жыл кут берекесин чачкан, ырыскысын мол тартуулаган жылдардан болуп,  экономикабыз ар тараптан өсүп өнүгүп, элибизде бекем эрк, ынтымак жана биримдик болсун деген тилегин билдирди.

   Ошондой эле Фонддун кызматкерлеринин арасында өз ишмердүүлүгүн мыкты аткарган кесипкөй кызматкерлерге министрликтин Ардак грамотасын жана баалуу белектерин тапшырды.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ала-Тоо деген керемет жерди Мекен туткан жердештер!

Сиздерди кирип келген жаңы -2024-Жылыңыздар менен жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эмгек жамаатынын атынан чын дилимден куттуктап кетемин!

 Сапарын карыткан 2023-жыл Кыргыз мамлекети үчүн тарыхый окуяларга бай келген, экономикалык өсүүлөрдү ичине камтыган, бакубат жашоонун алгылыктуу кадамдарын таасын айкындаган куттуу жыл боло алгандыгын баарыбыз сездик. Эң башкысы жергебиздеги тынчтыкты бекем сактап калуу, көп улуттан куралган калкыбыздын ынтымагы менен биримдигин чыңдоо, алга жылуу аракеттери тынымсыз жүрүп турду. Алардын катарында биздин эмгек жамаатта да алгылыктуу жумуштар аткарылды. Мамлекетибиз үчүн таза жана ак иштер жасалып,  жаратмандыктар жаралды. Андыктан мындай саамалыктар, жетишкендиктер, ийгилик менен жаңылануулар жаңы жылда да колго алынып, кирип келген жылыбыз кут берекесин чачкан, ырыскысын мол тартуулаган жылдардан болсун деген  тилегимди билдиремин.

         Адатта чыгыш календары боюнча тастыкталган “ажыдаар” жылында оттой жалындаган жакшы иштер жаралат деп айтылат. Мамлекетибиздин келечегин түзгөн жаштарыбыз алоолонгон от сымал элибиздин жакшы жашоосунда жалындуу эмгек жасашсын. Улуу муундарыбыз калыстыгынан тайбай, туура жол көрсөтүп, өлкөбүздү биргеликте өнүктүрүүнүн аракетин көрүшсүн. Жергебизде тынчтык менен бейпилдиктин туусу бийик көтөрүлүп, экономикабыз ар тараптан өсүп өнүксүн. Элибизде бекем эрк, ынтымак жана биримдик болсун!

  Жаңы Жылыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А.Мусабеков

Мусабеков Базарбай Абдыкеримовичтин Айтматовдун иш чарасында сүйлөгөн сөзү

         Биз бүгүн эң маанилүү жана кайталангыс ирмемдерди өткөрүп жатабыз. Анткени Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Дүйнөлүк сүрөт академиясынын, Европа илими, тарых жана  адабият академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясынын,  башка академиялардын ардактуу мүчөсү, Ленин жана СССРдин, Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик  сыйлыктарынын,  Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу,  I даражадагы “Манас” орденинин,  дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, залкар адам Чынгыз Айтматов мындан 95 жыл мурда  кыргызды ааламга таанытар, кыргыз деп ураан чакыраар уулубуз жарык дүйнөгө келген.  Анын чыгармалары эң көп окулган жазуучулардын бири.  Анын китептери 180ге жакын тилге которулуп,  70 миллиондон ашык нуска менен басылган.

         Айтматовдун 90 жылдыгына карата ТүркСОЙ уюму 2018-жылды “Айтматов жылы” деп атаган. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести “Жамийла” болгон (1958).  Француз жазуучусу Луи Арагон өз эне тилине которуп аны “махабат тууралуу эн сонун баян” деп баалаган.

         Аны дүйнөлүк жазуучулар Евгений Евтушенко,  Мухтар Шаханов,  Олжас Сулейманов, Мумин Каноат, Мустай Карим, Расул Гамзатовдун катарына коюшат.  Анын чыгармаларын динине, улутуна карабай окушат.  Залкардын дагы бир өзгөчөлүгү - ал баарын экология менен тыгыз байланышта карайт.  Каймана мааниде, философиялык планда берет. Анын чыгармалары  искусствонун бардык  түрлөрүндө жашап жатат.  Бардык чыгармалары кинолордо тартылды.  Музыка жагында симфониялар, обондуу ырлар жазылды.  Бул киши философ, ойчул да болгон.  Жашоодо өзү да  жөнөкөй, кичипейил, айкөл болгондугун замандаштары белгип жүрүшөт. Ар бир чыгармасы жанылык алып келген классика. Чыгармалары Кытайда миллиондогон нускада чыгып, мектептерде окутулуп жатат. Англияда бир миллиард киши окуйт.  Аз элден гений чыгарын Айтматов далилдеди.  Толстой, Хемингуэй, Шекспирге тең келе турган Айтматов чыкты.

         Чынгыз ааламы дагы да жер шаарын аралай берет.  Анын ысымы кылымдар жашайт.  Ал тууралуу илимий эмгектер, кинотасмалар жаралат. Ысмы Ала Тоонун ар  бурчуна,  көчөлөргө, мектептерге,  айылдарга, район, шаарларга коюлат. Кыргыз барда, Чынгыз өлбөйт түбөлүккө жашайт.

Кыргыз тили -биримдик менен достуктун тили

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович Фонддун  кыргыз тил боюнча тесттен өткөн кызматкерлерин куттуктап аларга сертификаттарды тапшыруу менен мамлекеттик тилди мындан ары да өнүктүрүүгө чоң салым кошуп,  кыргыз тилин кеңири жайылтууга күч жумшап, мамлекетибизге талыкпай кызмат кылууга чакырды.

Тил - улуттун баа жеткис зор байлыгы,  улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындай турган  куралы экендигин баса белгилеп өттү.