КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ТУТУМУНДА САКТООНУ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ТАБИГЫЙ КЕМҮҮНҮН ЧЕНЕМДЕРИН БЕКИТТИ
- Подробности
- Категория: Жаңылыктар
- Жарыяланган: 16.05.2016 08:05
Өкмөт мамлекеттик материалдык резерв тутумунда сактоону жүргүзүүдө табигый кемүүнүн ченемдерин бекитти. Тиешелүү токтомго Вице-премьер-министр Олег Панкратов кол койду.
Билдирүүдө айтылгандай, табигый кемүүнүн ченемдери ишканаларда сакталып турган дан эгиндерин, андан алынуучу азыктарды инвентаризациялоодо же алардын айкын бар экендигин текшерүүдө алардын салмагынын азайгандыгы, бирок сапатынын өзгөрбөгөндүгү аныкталган учурда контролдук жана акыркы ченемдер катары колдонулат.