7-8- ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө, мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Фонддун төрагасы Б.А. Мусабековдун куттуктоосу
- Подробности
- Категория: Новости
- Жарыяланган: 30.10.2024 11:16
Урматтуу кесиптештер!
Бүгүн биз өтө маанилүү күндөрдү – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. Баарыңыздарды ушул улуу майрамдар менен чын дилимден куттуктаймын!
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү – биздин элдин өткөнүн, тарыхый окуяларын эскерип, ата-бабаларыбыздын эрдигин даңазалоо менен келечек муундарга таалим-тарбия берүүчү учур.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү Кыргызстанда элдин өткөн доорлордогу тагдыры, кыйынчылыктары жана жеңиштери жөнүндө ой жүгүртүп, аларды урматтоо максатында белгиленет. Өткөндү унутпоо, тарыхый сабактарды эске алуу – ар бир улуттун келечеги.
Бүгүн биз Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири - Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да белгилеп жатабыз. Бул дата биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, эгемендүүлүккө болгон умтулуубуздун маанилүү этабы болуп эсептелет.
1924-жылы 14-октябрь Советтик бийлик Борбордук Азиядагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн алкагында Кара Кыргыз автономиялуу облусун негиздеген. Бул кадам Кыргыз элинин мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон алгачки аракеттеринин бири болуп калды. Ал кезде аймак РСФСРдин курамында болгон жана келечектеги Кыргыз ССРринин пайдубалы катары кызмат кылган.
Буга чейин кыргыздар тарыхыйй калыптанган көчмөн жашоо образы менен жашап, ар кандай саясий жана экономикалык факторлордун таасиринен улам ар башка хандык жана империялардин курамында жашап келген.
Ошону менен бирге эле Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.
Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын — тили.
Кыргызстандын ар бир жараны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого, мекенчил болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болуубуз керек.
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!