Фотогалерея

 

 

Фонддун жетекчилигинин өсүмдүк майын өндүрүүчү ишканага болгон иш сапары

  19-20 май Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич жана Фондтун адистери Чуй облусундагы өсүмдүк майын өндүрүүчү заводго иш сапары менен барды.

 Иш сапардын жүрүшүндө төрага ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк технологиялык процесстер, ошондой эле чыгарылып жаткан продукциянын ассортименти жана сапаты менен жеринде таанышты.

 Өзгөчө көңүл ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички өндүрүштү өнүктүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине бурулду.