Коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу жыйын өткөрүлдү
- Подробности
- Создано: 22.01.2025 09:13
2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу жыйын өткөрүлдү. Жыйында жамаатка “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырылды жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратыла тургандыгы жана мамлекеттик, муниципиалдык кызматта кызмат орундарын ээлөгө өмүр бою тыю салынаары айтылды.
Жыйындын соңунда төрага кызматкерлерди коррупциядан алыс болууга жана адилеттүү иштөөгө чакырды.