Фотогалерея

 

 

Фонд Государственных материальных резервов при правительстве КР Новости

RedPay KG-айыл чарба тармагын санариптештирүүдө жаңы кадам

         Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары-Фонд) тарабынан Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн административдик имаратында Фонддун бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акылбек уулу Нурдөөлөттүн уюштуруусунда RedPay KG мобилдик тиркемеси менен тааныштыруу жана түшүндүрүү максатында дыйкандар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чарада санариптик мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири маалымат берилди. Колдонмону жигердүү колдонуу аркылуу дыйкандар күйүүчү майды жеңилдетилген шартта, ачык-айкын жана ортомчусуз  алуулары белгиленди.

          RedPay KG – бул Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана “Альфа Ойл” ЖЧКсынын  биргелешип ишке ашырылган санариптик  платформасы. Тиркеме дыйкандарга жана айыл-чарба субьектилерине мамлекеттик колдоону ачык-айкын жана натыйжалуу жеткирүүгө багытталган жана  анын негизги максаттары:

  • күйүүчү май бөлүштүрүү процессин автрматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү;
  • алынган жана калган көлөмдөрдү онлайн түрүндө көрсөтүү;
  • төлөмдөрдү, ырастоолорду жана күйүүчү май берүү пункттарын электрондук негизде башкаруу;
  • бардык иш-аракеттерди ачык-айкын жүргүзүү.

          Ал эми бул тиркеменин артыкчылыктары:

-дыйкан өзүнүн жеке телефон номерлери аркылуу, ал эми юридикалык жактар ИИН жана Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилген пароль менен, тез арада каттала алат;

-колдонуучу өзүнө бөлүнгөн лимитти, калган көлөмдү жана май берүү пункттарын онлайн көрө алат;

-тиркеме аркылуу тастыкталган өтүнмө менен атайын белгиленген май куюу бекеттеринен дизелдик отун алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;

-бардык транзакциялар жана кыймылдар мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт.

 Ар бир дыйкан бул тиркемени колдонуу менен жеңилдиктерге ортомчусуз жетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

 

 

Коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу жыйын өткөрүлдү

      2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү тууралуу жыйын өткөрүлдү. Жыйында жамаатка  “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырылды жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын  ээлөө  же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан  ажыратыла тургандыгы  жана   мамлекеттик, муниципиалдык кызматта кызмат орундарын ээлөгө өмүр бою тыю салынаары айтылды.

         Жыйындын соңунда төрага кызматкерлерди коррупциядан алыс болууга жана адилеттүү иштөөгө чакырды.

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түндүк аймактык башкармалыгынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ун тартуучу комбинатынын ачылышы боюнча пресс релиз

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-августундагы №947-б буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ун тартуучу комбинатынын имараты жана жанаша жаткан аянты 5 105 чарчы метр түзгөн жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары – Фонд) ыкчам башкаруусуна кабыл алган.

   Тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзөт жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1- жана 2-сорттогу унга болгон муктаждыгын, ал эми түндүк-түштүк альтернативалык жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын камсыздайт.

    Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын кабыл алуу, сактоо жана кайра иштетүү боюнча баардык тепкичтерин камсыздоого мүмкүндүк берет жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө азык-түлүк буудай данын Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна түз тапшырууга мүмкүндүк түзүлөт жана мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөйт.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түштүк аймактык башкармалыгынын Ош шаарындагы мамлекеттик резервдин кампасынын ачылыш аземи болуп өттү

     2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Түштүк аймактык башкармалыгынын Ош шаарындагы мамлекеттик резервдин кампасынын ачылыш аземи болуп өттү. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Абдыкеримович Мусабеков ачып, өз сөзүндө: республиканын азык-түлүк коопсуздугун өз убагында камсыздоо максатында, республиканын түштүк аймактарынын калкынын социалдык аярлуу катмарларын жана алыскы тоолуу айылдардын жашоочуларын, ошондой эле күч түзүмдөрүн өз убагында биринчи кезектеги маанилүү тамак-аш азыктары менен камсыздоо үчүн аталган кампанын 4000 чарчы метр түзгөн аянтына Мамлекеттик материалдык резервдер фонду биринчи жолу өз күчү менен жалпысынан 21 миллион сомго евростандарттык комплекстик оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, кампанын 2 000 чарчы метр аянты бардык керектүү жабдуулар менен толук камсыздалып, азыркы учурда кампада 1-сорттогу ун, кумшекер, өсүмдүк майы жана консерваланган эт сакталып тургандыгын, ошону менен бирге мамлекеттик материалдык резервдин жооптуу сактоочу ишканалары жана шаардык мэриялар, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу республиканын бардык аймактарында азык-түлүктөрдү базар баасынан төмөн баада сатуу иштерин улантылаарын билдирди.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Гайыпбекович Айтибаев кампанын ачылышы менен куттуктап өттү.
 
 
 

Пресс релиз

   2024-жылдын 30-октябрында 7-8- ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү  күнүнө, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда салтанаттуу иш-чара өттү.

     Ушул белгилүү тарыхий майрамдардын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы менен куттуктады.

   Бүгүнкү үч майрам жөнүндө кыска баян жасалды жана кыска видеотасма көрсөтүлдү.

   Ушул улуу майрамдарды эскерүүгө карата арналган кызматкерлердин көркөм окуусу, атайын сахналаштырылган тарыхий эпизоддор көрсөтүлдү. Фонддун кызматкерлери тарабынан “Кыргыз калкым” деген ыр жаңырды.

    Бул салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген Этно ырчы Дамира Ниязбекова жана биздин Кыргыз Улуттук консерваториясынын жаш студенти Толгонай Сариевалар келип, комуздун коштоосунда кыргыздын патриоттук жана элдик  чыгармаларын аткарышты.

 

Кыргызской Республики, состоялось очередное XX заседание Консультативного совета руководителей органов государственного (исполнительного) управления, осуществляющих управление государственными материальными резервами

     В Государственной резиденции на Иссык-Куле, в городе Чолпон-Ата, 3-4 сентября 2024 года, под председательством Государственного агентства по государственным материальным резервам при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики, состоялось очередное XX заседание Консультативного совета руководителей органов государственного (исполнительного) управления, осуществляющих управление государственными материальными резервами в государствах-участниках Содружества Независимых Государств (СНГ).

    В заседании приняли участие представители органов государственных материальных резервов Республики Беларусь, Республики Казахстан, Кыргызской Республики, Российской Федерации, Республики Таджикистан, а также Исполнительного комитета СНГ.  

    Участников Консультативного совета приветствовал заместитель министра чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики, генерал-майор У.М. Шамырканов. Он подчеркнул важность органов государственных материальных резервов СНГ в своевременной защите населения в чрезвычайных ситуациях, вызванных стихийными бедствиями, техногенными авариями, социальными или экономическими факторами, воздействием внешней конъюнктуры, а также в обеспечении функционирования национальной экономики в условиях военного положения и оказании гуманитарной помощи.

    Участникам заседания было зачитано приветствие Генерального секретаря Содружества Независимых Государств С.Н. Лебедева.

  По итогам заседания был принят протокол, включающий решения о реализации проекта Концепции сотрудничества руководителей органов государственного (исполнительного) управления, осуществляющих управление государственными материальными резервами в государствах-участниках СНГ, и Плана основных мероприятий по ее реализации на период до 2030 года, а также о дальнейшем сотрудничестве.