Фотогалерея

 

 

RedPay KG-айыл чарба тармагын санариптештирүүдө жаңы кадам

         Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары-Фонд) тарабынан Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн административдик имаратында Фонддун бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акылбек уулу Нурдөөлөттүн уюштуруусунда RedPay KG мобилдик тиркемеси менен тааныштыруу жана түшүндүрүү максатында дыйкандар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Иш-чарада санариптик мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири маалымат берилди. Колдонмону жигердүү колдонуу аркылуу дыйкандар күйүүчү майды жеңилдетилген шартта, ачык-айкын жана ортомчусуз  алуулары белгиленди.

          RedPay KG – бул Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана “Альфа Ойл” ЖЧКсынын  биргелешип ишке ашырылган санариптик  платформасы. Тиркеме дыйкандарга жана айыл-чарба субьектилерине мамлекеттик колдоону ачык-айкын жана натыйжалуу жеткирүүгө багытталган жана  анын негизги максаттары:

  • күйүүчү май бөлүштүрүү процессин автрматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү;
  • алынган жана калган көлөмдөрдү онлайн түрүндө көрсөтүү;
  • төлөмдөрдү, ырастоолорду жана күйүүчү май берүү пункттарын электрондук негизде башкаруу;
  • бардык иш-аракеттерди ачык-айкын жүргүзүү.

          Ал эми бул тиркеменин артыкчылыктары:

-дыйкан өзүнүн жеке телефон номерлери аркылуу, ал эми юридикалык жактар ИИН жана Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилген пароль менен, тез арада каттала алат;

-колдонуучу өзүнө бөлүнгөн лимитти, калган көлөмдү жана май берүү пункттарын онлайн көрө алат;

-тиркеме аркылуу тастыкталган өтүнмө менен атайын белгиленген май куюу бекеттеринен дизелдик отун алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;

-бардык транзакциялар жана кыймылдар мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт.

 Ар бир дыйкан бул тиркемени колдонуу менен жеңилдиктерге ортомчусуз жетүүгө мүмкүнчүлүк алат.