Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабековдун мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу
- Подробности
- Создано: 23.09.2024 11:14
Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.
Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын — тили.
Мамлекеттик тилде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Улуттун келечеги - тилинде” демекчи эртеңки келечек үчүн Кыргызстандын ар бир жараны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого, мекенчил болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болуубуз керек.
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!