Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Абдыкеримович Мусабековдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракесине карата куттуктоосу
- Подробности
- Создано: 30.08.2023 05:33
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди элибиздин эңсеп жеткен бактысы болгон, эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөндүгүнүн 32 жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Бул күн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз - эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз.
Эгемендигибиз - ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз.
Кыргызстандын ар бир жараны эгемен жашоонун баалуулугун жан дүйнөбүз менен сезип, туюп, көз карандысыз мамлекетибиздин түбөлүктүүлүгүнө өз салымдарыбызды кошууга милдеттүүбүз. Келечекте Кыргызстан Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула алат, себеби кыргыз эли көкүрөгү бийик, Манас атанын урпактарыбыз, тарыхыбыз эле өзүнчө баш көтөрүп сыймыктанарлык.
Урматтуу мекендештер! Жерибизде тынчтык, жүрөгүбүздө ыйман орноп, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга, жайлообуз малга толсун!
Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!