Фотогалерея

 

 

Фонд Государственных материальных резервов при правительстве КР Новости

Фонд государственных материальных резервов, доводит до сведения руководителей - районных управлений аграрного развития МСХ ПП и М

Фонд государственных материальных резервов, доводит до сведения руководителей - районных управлений аграрного развития МСХ ПП и М Кыргызской Республики, айыл окмоту, сельских товаропроизводителей Республики, что приказом

Подробнее...

Кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жамааты  Кыргыз Эл жазуучусу, дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу жана даңктуу инсан  Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата  ушул жылдын  14-ноябрында  “Кыргыз тили жана Ч.Айтматовдун ааламы” деген темада иш-чара өткөрдү.

    Иш-чара Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду.  Ал  жазуучунун басып өткөн тагдыр жолдорун, чыгармачылыктагы жетишкен ийгиликтерин чагылдырган видеоролик менен башталды.  Андан соң иш-чараны  Фонддун Төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович ачып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгилөө чечими чыкканын, учурда кыргыз журтчулугунда гана эмес, дүйнө алкагында да  жазуучунун мааракесине  арналган иш-чаралар өтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле  мамлекеттик тилди өнүктүрүү  жана кыргыз тилинин улуулугу, ыйыктыгы тууралуу кеңири токтолду. Мындан сырткары азыркы кезде өлкөбүздүн өнгүгүүсүндө мамлекеттик тилдин тийгизген таасирин белгилөө менен мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү талабы катуу коюлуп жатканын кошумчалады. 

    Персоналдар жана документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Юлдашева Парида Хайталиевна бөлүмдөргө берилген тапшырма боюнча ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилди аздектеп, аны кадырлап жана урматтаса гана кыргыз тили сакталып калаарын айтуу менен Фонддун жетекчиси Базарбай Мусабековдун Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасын көркөм окуган видеоролигине көңүл бурууну өтүндү. 

    Ал эми Бухгалтердик эсеп жана экономика бөлүмүнүн жамааты поэзия саптарынан окушуп, соңунда жалпы “Илиястын ырын” аткарып беришти.     Кийинки кезек  Тышкы байланыштар жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө жетип  “Кызыл алма” көркөм тасмасынан үзүндү аткарышты.  Ошондой эле Персоналдар жана документтер менен иштөө бөлүмүнүн жамааты да Ч.Айтматовго арналган ыр саптарынан окуп беришти. Ар бир аткарылган чыгармалар, ыр саптары, ролдоштурулган  оюндар калыс бааланып турулду. Андыктан Фонддун жетекчилиги мындай маанилүү иш- чарага активдүү  жана жоопкерчилик менен катышкан кызматкерлерге ийгиликтерди каалоо менен өзгөчөлөнө алгандарды баалуу белектер менен сыйлады. Белгилей кетүүчү жагдай  аталган мекеменин эмгек жамааты өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, өлкөнүн коомдук турмушуна активдүу катышып келет.   

 

 

 

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюунун 2021-2024-жылдарга мамлекеттик стратегиясы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Тышкы байланыштар жана
мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Султанова Айчүрөк
Ажимаматовна 2023-жылдын 10-ноябрында кызматкерлердин укуктук
сабаттуулугун жогорулатуу, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»
2012-жылдын 8-августундагы №153 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
жана “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын
себептерин жоюунун 2021-2024-жылдарга мамлекеттик стратегиясы
жөнүндө” 2020-жылдын 25-сентябрындагы №180 Кыргыз Республикасынын
Президентинин Указына токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүү жаатында
республикада жүргүзүлүп жаткан саясаттын негиздерин жалпы
кызматкерлерге жеткирүү максатында кеңири сабак өттү.

 

МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ФОНДУ ӨЗ КАРАЖАТЫНА УНААЛАРДЫ САТЫП АЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз каражатына атайы унааларды сатып алды.

Фонд өлкөдөгү азык-түлүктүн  коопсуздугун сактап, баага болгон туруктуулукту  жөнгө салып турат. Ал эми унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана мамлекеттик материалдык резервдер фондунун торагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович  фонддун кызматкерлери болуп  катышышты.

   Техникалык базаны чыңдап,  республиканын бардык аймактарына азык-түлүктөрдү өз убагында, сапаттуу жеткирүү  үчүн  3 портер, 3 спринтер, 5 жүк ташуучу электр унаалары сатылып алынды. Муну менен гана токтоп калбастан  фонд келечекте кошумча адистештирилген техникаларды алууну пландаштырууда.

Мамлекеттик тилге 34 жыл

2023-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Ушул майрамдын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу жыйында Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандан берки тарыхый жолу жөнүндө кыска тасма көрсөтүлдү. Андан соң, мамлекеттик тил боюнча Фонддун иш-чаралары жөнүндө баяндама жасалды.

Майрамдын көркүн жана шаңын ачкан мамлекеттик тилди даңктаган ыр саптары менен биздин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин  жаш студенттери жана кыргыздын ырларын созолонткон  Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти Мурат Дербишалиевдер болду.