2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия отуруму өткөрүлөт
- Подробности
- Категория: Жарыя
- Жарыяланган: 08.02.2019 09:46
2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия отуруму өткөрүлөт. Коллегиянын отурумуна коллегиянын мүчөлөрү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Экономика Министрлигинин өкүлдөрү катышат. Коллегия отурумунун күн тартибинде төмөндөгү сроолор каралат:
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2018-жыл боюнча аткарылган иштеринин жыйынтыктары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2019-жылга иш планын бекитүү