Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатуу кайрадан өткөрүлөрүн жарыялайт:
- Подробности
- Категория: Жарыя
- Жарыяланган: 08.10.2026 11:09
|
№ |
Мүлктүн аталышы |
Жайгашкан жери |
Баштапкы баасы (сом) |
|
1 |
Лот №1 – турак жай, аянты 44,64 чарчы м, жер тилкеси 728,0 чарчы м. |
Чүй облусу, Аламүдүн айылы, Заводская көчөсү, 32 |
16 840 000,0 |
|
2 |
Лот №2 – жер тилкеси, аянты 1000 чарчы м. |
Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, А. Молдо көчөсү, 17 |
4 919 000,0 |
|
3 |
Лот №3 – жер тилкеси, аянты 2000 чарчы м. |
Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кытай айылы, С. Текебаев көчөсү, 18к |
1 747 000,0 |
|
4 |
Лот №4 – турак жай, аянты 175,4 чарчы м, жер тилкеси 495,0 чарчы м. |
Бишкек шаары, Ала-Тоо конушу, Терек-Сай көчөсү, 56 |
12 291 000,0 |
Аукционго катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- Аукционго катышуу жөнүндө арыз берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине мүлктүн баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөмдү которуу.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 7-декабры саат 18:00гө чейин, Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү 1, дарегиндеги имараттын 3-кабатында, 328-иш бөлмөсүндө кабыл алынат.
Аукциондун кадамы объекттин (лоттун) баштапкы баасына жараша төмөнкүдөй белгиленет:
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллион сомго чейин болсо – 1 пайыз;
- объекттин (лоттун) баштапкы баасы 10 миллион сомдон жогору болсо – 0,5 пайыз.
Аукцион 2026-жылдын 8-декабрында саат 14:00дө, Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү 1, дарегиндеги имараттын 3-кабатында, 334-иш бөлмөсүндө өткөрүлөт. Катышуучулардын каттоосу аукцион башталганга чейин 30 мүнөт мурда аяктайт.
Маалымат алуу үчүн телефон: 0312 56-35-77
Реквизиттер:
КР Финансы министрлигине караштуу Борбордук казына;
Атайын эсеп: № 4402051102002738;
ИСН: 01210200110114;
БИК: 440001;
ИУЖК: 22856109;
Төлөм коду: 14241600.
Төлөмдүн багытында тоорукка катышуучунун аты-жөнүн жана лоттун номерин көрсөтүү зарыл.












