Фотогалерея

 

 

2015-жылы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы №329-б буйругун аткаруу үчүн, мамлекеттик материалдык резервден Жумгал районунун Мин Куш айылынын жашоочуларына гуманитардык жардам берүү үчүн 150 тонна ун чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-августундагы №384-б буйругун аткаруу үчүн, Тажикистан Республикасында табигый кырсыктан жабыркагандарга 20,0 тонна ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №341-б буйругун аткаруу үчүн, мамлекеттик материалдык резервден Баткен облусунун жашоочуларына 20,0 тонна ун жана 3000 литр өсүмдүк майы чыгарылды.