2012-жылы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы №109-б, 2012-жылдын 4-майындагы №177-б, 2012-жылдын 15-майындагы №197-б буйруктарын аткаруу үчүн мамлекеттик материалдык резервден гуманитардык мүнөздөгү ар түрдүү 752,55 тонна жүк калкка жардам берүү үчүн чыгарылды:
- Жумгал районуна;
- Нарынрайонуна;
- Тогуз-Торо районуна;
- Ак-Талаа районуна;
- Алай районуна;
- Чон-Алай районуна;
- Кара-Кулжа районуна;
- Чаткал районуна;
- Лейлек районуна.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2012-жылдын 25-июнундагы кеңешмесинин №6-25протоколуна ылайык, Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга тамак аш азыктары жана турмушка керектүү буюмдар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.