2026-жылдын 19–20-июнь күндөрү Фонддун төрагасынын Нарын облусуна болгон иш сапары болуп өттү.
- Подробности
- Категория: Uncategorised
- Жарыяланган: 04.08.2026 01:47
2026-жылдын 19–20-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич жана Фондтун адистери Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө эт комбинатына барып, төрага ишкананын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, өндүрүштүк процесстерди жана чыгарылып жаткан продукциянын сапатын карап чыкты.
Өзгөчө көңүл ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Сапардын жыйынтыгында ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өз ара кызматташтыкты кеңейтүү жана тиешелүү келишим түзүү боюнча келечектеги пландар талкууланды.















