14–15-май күндөрү Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Сулайманов Искендер Кубатовичтин катышуусунда өттү.
- Подробности
- Категория: Uncategorised
- Жарыяланган: 04.08.2026 01:18
14-15 май Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Сулайманов Искендер Кубатович менен биргеликте Ыссык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кампалардын абалын жеринде текшеришти.
Каракол шаарында өрт кырсыгынан кийин кампалардын абалы каралып, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү текшерилди.
Балыкчы шаарында имараттар каралып чыгып, алардын учурдагы абалына баа берилди.
Мындан тышкары, Фонддун өз күчү менен кампалык жайларды оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ошондой эле 2026-жылдын III кварталында кампанын чатырын оңдоо иштерин аткаруу пландаштырылууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объектилердин абалын жакшыртуу жана алардын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
















