Фотогалерея

 

 

Фонддун төрагасы мекеменин лабораториясынын жана борбордук базасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

     Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич мекеменин лабораториясынын жана борбордук базасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

    Таанышуу учурунда учурдагы ишмердүүлүк, объектилердин абалы, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди. Материалдык-техникалык базанын натыйжалуу иштеши жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

    Иш сапардын жыйынтыгында мекеменин ишин жакшыртуу жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.