Фотогалерея

 

 

23-24 апрель түштүк аймака иш сапары менен болуп Фонддун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич

        23-24 апрель түштүк аймака Фонддун төрагасы Иманбердиев Уланбек Исаевич объектилерди жеринде карап чыгып, кампалардын учурдагы абалы жана иштин уюштурулушу менен таанышты.

        Жалал-Абад облусуна иш сапарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубекович кошулду. Биргелешкен сапардын алкагында кампалардын иштеши, материалдык-техникалык камсыздалышынын абалы, ошондой эле мындан аркы өнүгүү перспективалары каралды.

       Мындан тышкары, иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Фондго Таш-Көмүр шаарында жайгашкан даяр кампаны пайдаланууга берүү сунушун билдирди. Ошол эле учурда кампаны оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин Фонд өз каражатынын эсебинен жүргүзөрү белгиленди. Ошондой эле Фонд  үчүн жаңы кампа курууга 40 сотых жер тилкесин берүү сунушталды. Бул сунуш Фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кампалык инфраструктурасын кеңейтүүгө жана мамлекеттик материалдык резервдер системасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

      Иш сапардын жыйынтыгында ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кампалардын ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.