Борборунун кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлдү
- Подробности
- Категория: Жаңылыктар
- Жарыяланган: 27.03.2018 06:36
2018 – жылдын 23 – мартында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борборунун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлдү. Аталган семинарда подполковник М.Мамбетов өрт учурунда иш аракеттер жана өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу эрежелери менен тааныштырды. Өз мезгилинде Клецова В.П. жаратылыш мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда, жер титирөө жөнүндө айтып берди жана аталган кырдаал пайда болгон учурда жүрүш-туруш эрежелери боюнча инструктаж өткөрдү.