Пресс релиз
2024-жылдын 30-октябрында 7-8- ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда салтанаттуу иш-чара өттү.
Ушул белгилүү тарыхий майрамдардын алдында Фонддун жетекчилиги жалпы жамаатты Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы менен куттуктады.
Бүгүнкү үч майрам жөнүндө кыска баян жасалды жана кыска видеотасма көрсөтүлдү.
Ушул улуу майрамдарды эскерүүгө карата арналган кызматкерлердин көркөм окуусу, атайын сахналаштырылган тарыхий эпизоддор көрсөтүлдү. Фонддун кызматкерлери тарабынан “Кыргыз калкым” деген ыр жаңырды.
Бул салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген Этно ырчы Дамира Ниязбекова жана биздин Кыргыз Улуттук консерваториясынын жаш студенти Толгонай Сариевалар келип, комуздун коштоосунда кыргыздын патриоттук жана элдик чыгармаларын аткарышты.