Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А.Мусабековдун “Улгайган адамдардын эл аралык күнү” менен куттуктоосу

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,

    Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен Фонддун жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

 “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деп кыргыздар эзелтеден бери улгайган адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат. Улуулардын бата-тилектерин алып, келечекке аттанган улуу салтыбыз түбөлүк жашай берсин!

  Бүгүнкү күндө көпчүлүгүңүздөр жашыңар жетип калганына карабастан, өндүрүштө жана коомдук иштерде иштөөнү улантып, жигердүү жашап жатасыздар. Сиздер өсүп келе жаткан муунга жоомарттык жана максатка умтулуунун үлгүсү боло аласыздар.

  Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бактылуу жашоо жана уул-кыздардын сый-урматын каалайм!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

 министрлигине караштуу Мамлекеттик

материалдык резервдер фондунун төрагасы                             Б.А.Мусабеков