Фотогалерея

 

 

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабековдун мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

 Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!

   Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

   Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

   Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын — тили.

   Мамлекеттик тилде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

   Улуттун келечеги - тилинде” демекчи эртеңки келечек үчүн Кыргызстандын ар бир жараны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого, мекенчил  болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болуубуз керек.

 Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!