Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесине карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди өлкөбүздүн эңсеп жеткен бактысы болгон, эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөндүгүнүн 35 жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Бул күн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз - эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендүүлүгүбүз - ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берүү аманатыбыз.
Кыргызстандын ар бир жараны эгемен жашоонун баалуулугун жан дүйнөбүз менен сезип, туюп, көз карандысыз мамлекетибиздин түбөлүктүүлүгүнө өз салымдарыбызды кошууга милдеттүүбүз. Келечекте Кыргызстан Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула алат, себеби кыргыз эли көкүрөгү бийик, Манас атанын урпактарыбыз, тарыхыбыз эле өзүнчө баш көтөрүп сыймыктанарлык.
Урматтуу мекендештер! Жерибизде тынчтык, жүрөгүбүздө ыйман орноп, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга, жайлообуз малга толсун!
Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!












