МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ФОНДУ ӨЗ КАРАЖАТЫНА УНААЛАРДЫ САТЫП АЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз каражатына атайы унааларды сатып алды.
Фонд өлкөдөгү азык-түлүктүн коопсуздугун сактап, баага болгон туруктуулукту жөнгө салып турат. Ал эми унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана мамлекеттик материалдык резервдер фондунун торагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович фонддун кызматкерлери болуп катышышты.
Техникалык базаны чыңдап, республиканын бардык аймактарына азык-түлүктөрдү өз убагында, сапаттуу жеткирүү үчүн 3 портер, 3 спринтер, 5 жүк ташуучу электр унаалары сатылып алынды. Муну менен гана токтоп калбастан фонд келечекте кошумча адистештирилген техникаларды алууну пландаштырууда.











 
 					   
                                                                                        
 
 					   
                                                                                        
 
 					   
                                                                                        
 
 					   
                                                                                        
 
										 
										 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
                                    
                                                                        
                                    
                                 
	


















