Фотогалерея

 

 

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ала-Тоо деген керемет жерди Мекен туткан жердештер!

Сиздерди кирип келген жаңы -2024-Жылыңыздар менен жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эмгек жамаатынын атынан чын дилимден куттуктап кетемин!

 Сапарын карыткан 2023-жыл Кыргыз мамлекети үчүн тарыхый окуяларга бай келген, экономикалык өсүүлөрдү ичине камтыган, бакубат жашоонун алгылыктуу кадамдарын таасын айкындаган куттуу жыл боло алгандыгын баарыбыз сездик. Эң башкысы жергебиздеги тынчтыкты бекем сактап калуу, көп улуттан куралган калкыбыздын ынтымагы менен биримдигин чыңдоо, алга жылуу аракеттери тынымсыз жүрүп турду. Алардын катарында биздин эмгек жамаатта да алгылыктуу жумуштар аткарылды. Мамлекетибиз үчүн таза жана ак иштер жасалып,  жаратмандыктар жаралды. Андыктан мындай саамалыктар, жетишкендиктер, ийгилик менен жаңылануулар жаңы жылда да колго алынып, кирип келген жылыбыз кут берекесин чачкан, ырыскысын мол тартуулаган жылдардан болсун деген  тилегимди билдиремин.

         Адатта чыгыш календары боюнча тастыкталган “ажыдаар” жылында оттой жалындаган жакшы иштер жаралат деп айтылат. Мамлекетибиздин келечегин түзгөн жаштарыбыз алоолонгон от сымал элибиздин жакшы жашоосунда жалындуу эмгек жасашсын. Улуу муундарыбыз калыстыгынан тайбай, туура жол көрсөтүп, өлкөбүздү биргеликте өнүктүрүүнүн аракетин көрүшсүн. Жергебизде тынчтык менен бейпилдиктин туусу бийик көтөрүлүп, экономикабыз ар тараптан өсүп өнүксүн. Элибизде бекем эрк, ынтымак жана биримдик болсун!

  Жаңы Жылыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А.Мусабеков