Фотогалерея

 

 

Мусабеков Базарбай Абдыкеримовичтин Айтматовдун иш чарасында сүйлөгөн сөзү

         Биз бүгүн эң маанилүү жана кайталангыс ирмемдерди өткөрүп жатабыз. Анткени Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Дүйнөлүк сүрөт академиясынын, Европа илими, тарых жана  адабият академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясынын,  башка академиялардын ардактуу мүчөсү, Ленин жана СССРдин, Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик  сыйлыктарынын,  Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу,  I даражадагы “Манас” орденинин,  дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, залкар адам Чынгыз Айтматов мындан 95 жыл мурда  кыргызды ааламга таанытар, кыргыз деп ураан чакыраар уулубуз жарык дүйнөгө келген.  Анын чыгармалары эң көп окулган жазуучулардын бири.  Анын китептери 180ге жакын тилге которулуп,  70 миллиондон ашык нуска менен басылган.

         Айтматовдун 90 жылдыгына карата ТүркСОЙ уюму 2018-жылды “Айтматов жылы” деп атаган. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести “Жамийла” болгон (1958).  Француз жазуучусу Луи Арагон өз эне тилине которуп аны “махабат тууралуу эн сонун баян” деп баалаган.

         Аны дүйнөлүк жазуучулар Евгений Евтушенко,  Мухтар Шаханов,  Олжас Сулейманов, Мумин Каноат, Мустай Карим, Расул Гамзатовдун катарына коюшат.  Анын чыгармаларын динине, улутуна карабай окушат.  Залкардын дагы бир өзгөчөлүгү - ал баарын экология менен тыгыз байланышта карайт.  Каймана мааниде, философиялык планда берет. Анын чыгармалары  искусствонун бардык  түрлөрүндө жашап жатат.  Бардык чыгармалары кинолордо тартылды.  Музыка жагында симфониялар, обондуу ырлар жазылды.  Бул киши философ, ойчул да болгон.  Жашоодо өзү да  жөнөкөй, кичипейил, айкөл болгондугун замандаштары белгип жүрүшөт. Ар бир чыгармасы жанылык алып келген классика. Чыгармалары Кытайда миллиондогон нускада чыгып, мектептерде окутулуп жатат. Англияда бир миллиард киши окуйт.  Аз элден гений чыгарын Айтматов далилдеди.  Толстой, Хемингуэй, Шекспирге тең келе турган Айтматов чыкты.

         Чынгыз ааламы дагы да жер шаарын аралай берет.  Анын ысымы кылымдар жашайт.  Ал тууралуу илимий эмгектер, кинотасмалар жаралат. Ысмы Ала Тоонун ар  бурчуна,  көчөлөргө, мектептерге,  айылдарга, район, шаарларга коюлат. Кыргыз барда, Чынгыз өлбөйт түбөлүккө жашайт.