Фотогалерея

 

 

“Чынгыз Айтматов - кылым адамы”

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Мусабеков Базарбай Абдыкеримович Кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовго таандык “Сени тааныгандар жашап жатканда - сен тирүүсүң”, “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”, “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү”,  «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген улуу сөздөр менен Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган экинчи  иш-чараны ачык деп жарыялап,  кыскача баяндама жасады. Анда аалам алпы аталган, кыргызды кыргыз катары дүйнөгө тааныткан Чынгыз Айтматовдун өмүр жолуна, чыгармачылыгына жана анын дүйнөлүк маанидеги ордуна токтолуп кетти.

Андан соң  Чынгыз Айтматов жөнүндө фонддун  Персоналдар жана документтер менен иштөө бөлүмүнүн жамааты  тарабынан  атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, Айтматовдун чыгармаларынан  суроо-жооптор уюштурулду.

Укуктук камсыздоо бөлүмү Айтматовдун чыгармаларындагы башкы орунда турган  сүйүү темасына кайрылышты. Адам баласынын жашоосун уланткан ыйык сезимдер, аруу махабат жагдайында ырлар окулуп, чыгармалар аткарылды. Мында Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинотасмалардагы музыкалар аткарылып жатты.

Ал эми Мамлекеттик резервди эсепке алуу жана контролдоо бөлүмүнун жамааты Айтматовдун  чыгармаларынан  үзүндүлөрдү көркөм окуп беришти.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жамааты  уюштурган кече кызыктуу өттү жана ага активдүү катышып, суроо-жоопторго туура, так жооп бергендер жана конкурска катышкандарга Айтматовдун китептери белекке берилди.