Фотогалерея

 

 

8-март - аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу энелер! Өмүрдүн гүлү, жашоонун жарык шооласы болгон эже, карындаштар! Ардактуу асылзаада айымдар!

Эң оболу жаркыраган жаздын алгачкы күндөрүнө туш келген, жашоого жылуулук алып келген, 8-март - аялдардын Эл аралык күнү менен чын дилимден Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Майрамыңыздар кут болсун!


Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына ыраазычылык билдирем.

Саясатта, билим берүүдө, илимде, маданиятта, саламаттыкты сактоодо, өндүрүштө жана башка уюмдарда айтор кайсы тармакты албайлы, аялзаты катышпаган, жүк көтөрбөгөн жер жок.

Эң башкысы, энелерибиз - үйдүн куту, бекем үй-бүлөнүн башаты.

Сиздер баардык алкоо сөздөргө, маңдай териңер, талыкпаган мээнетиңер менен жеттиңер. Гүлдөй назик, гүлдөй сулуу аялзатына камкордук көрүп, кастарлап алуу мырзалардын милдети.

Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!
Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакубаттык - сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр тилейм!

Бар болгула, ардактуу аялзаты! Майрамыңыздар менен!

Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Б.А. Мусабеков.