Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Абдыкеримович Мусабековдун Кыргыз Республикасынын Эгендүүлүгүнүн 31 жылдык маарекесине карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди өлкөбүздүн Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өткөн 31 жыл ичинде Кыргызстан эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты.

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары - көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө - ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Азыркы милдетибиз - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүнү негизги максатыбыз катары белгилейбиз.

Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу - ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Урматтуу мекендештер! Жерибизде тынчтык, жүрөгүбүздө ыйман орноп, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун!

Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан  өзү колдосун!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!