Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын мобилизациялык резервинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн дары-дармектердин запасы түзүлдү (COVID-19)

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри                                      Э.Ж. Сурабалдиева коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектердин запастарын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун иши менен таанышты.

         Вице-премьер-министр белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкуну учурунда өлкөдөгү кампаларда дары-дармектердин жетишсиздиги байкалган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  тарабынан коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү мезгилинде керектүү боло турган 45 түрдүү аталыштагы дары-дармектердин  кол тийгис запасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул аталган дары-дармектерди сатып алууда, сактоо мөөнөтү боюнча  өзгөчө шарттар келтирилген. Бул дары-дармектер түз эле өндүрүүчү-заводдордон алып келинди. Ошентип, дары-дармектердин жарактуулук мөөнөтү, дары-дармектин формасына жараша 2 жылдан 5 жылга чейинки убакытты түзөт.

            Бүгүнкү күндө пандемиянын экинчи толкуну күтүлүүдө, ал ар кандай респиратордук оорулардын күчөшүнө туш келиши мүмкүн.

         Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү керектүү дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын запасын түзүү маселелерине  өзгөчө көңүл буруп жатат.

            Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша 2-3 айга жетүүчү керектүү дары-дармектердин мамлекеттик запасы түзүлдү. Бул запас зарылдыгына жараша толукталып турат.