Фотогалерея

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Бишкек шаары, 2014-жылдын 26-майы № 78

Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө

Ушул Мыйзам мамлекеттик материалдык резервдин запастарын түзүүнүн. жайгаштыруунун, сактоонун, пайдалануунун, толтуруунун, жаңылоонун жана алмаштыруунун жалпы принциптерин белгилейт, ушул жааттагы мамилелерди жөнгө салат.

1-берене. Мамлекеттик материалдык резерв түшүнүгү

1. Мамлекеттик материалдык резерв ушул Мыйзамда каралган максатта жана тартипте пайдаланууга арналган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик өзгөчө кол тийгис запас болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резерв өзүнө эки өзгөчөлөнгөн, бири-бирине көз карандысыз резервди: мамлекеттик жана мобилизациялык камтыйт. Мамлекеттик материалдык резервди түзүү, сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында жөндөлөт.

Мамлекеттик материалдык резервдин курамына мобилизациялык муктаждыктар (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн камсыз кылуу үчүн стратегиялык, оперативдик жана аскердик запастар), жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүү, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир этүү үчүн арналган материалдык баалуулуктардын запастары кирет.

2-берене. Терминдер жана аныктамалар

Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

окшош материалдык баалуулуктар - мамлекеттик материалдык резервден чыгарылган материалдык баалуулуктарга салыштырмалуу даярдоо мөөнөтү кеч, чыгарылган материалдык баалуулуктар менен бирден же алар менен функционалдуу арналышы, колдонулушу, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча салыштырмалуу техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келген материалдык баалуулуктар;

мамлекеттик резерв - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кечиктирилгис иштерди камсыз кылуу, мамлекеттин экономика тармактарына жана уюмдарга колдоо көрсөтүү, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир тийгизүү үчүн стратегиялык материалдардын жана товарлардын запастары, материалдык баалуулуктардын запастары;

мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу - мамлекеттик материалдык резервде сактоо үчүн материалдык баалуулуктарды кабыл алуу;

мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу - мамлекеттик материалдык резервге кийин кайтарып берүү менен сапаты боюнча окшош тең сандагы, КМСке (Кыргыз мамлекеттик стандартына), МОСТторго ылайык келген жана ушул Мыйзамда аныкталган мөөнөттөрдө материалдык баалуулуктарды белгилүү бир шарттарда мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;

мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды алмаштыруу - буюмдарды даярдоонун стандарттарынын жана технологиясынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу жаңы номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды бир эле убакта салуу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;

мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары - мамлекеттик материалдык резервге сактоого коюлган жана салынган товарлар (продукция);

мобилизациялык резерв - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн арналган, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалы киргизилген, мобилизациялоо учурларында же согуш убагында мобилизациялык тапшырманы аткаруу үчүн зарыл материалдык баалуулуктардын запастары;

мобилизациялык тапшырма (план-тапшырма) - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана калкты ченемдүү камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзгөчө мезгилде өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын маанилүү түрлөрүн салуу жана чыгаруу боюнча эсеп жылына план;

номенклатура - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген материалдык баалуулуктардын тизмеги жана аларды топтоо ченемдери;

мамлекеттик материалдык резервдин запастарын жаңылоо - материалдык баалуулуктарды, тараларды, таңгактарды сактоонун белгиленген мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, ошондой эле аларды сактоонун белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин сакталуучу материалдык баалуулуктардын сапатынын бузулушуна же начарлашына алып келүүгө жөндөмдүү жагдайлардын келип чыгышынын кесепетинен бир эле убакта мамлекеттик материалдык резервге бирдей сандагы окшош материалдык баалуулуктарды жөнөтүү жана салуу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу;

жооптуу сактоочу - менчигинин формасына карабастан, ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү ап материалдык баалуулуктарды пайдалануу укугун ага бербестен мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;

мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын которуштуруу - мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын аларды жоопкерчиликтүү сактоону жүзөгө ашыруучу бир уюмдан ушундай сактоону жүзөгө ашыруучу башка уюмга, же ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылуучу мында ары сактоо же көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктарды сатуу үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумунун уюмдарына акысыз өткөрүп берүү;

мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын брондон чыгаруу - мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу, анын ичинде эсептен чыгаруу максатында;

убакыттагы айырма - мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу менен мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кайтарып берүүнүн ортосундагы убакыт аралыгы;

ыйгарым укуктуу орган - аткаруучу жана контролдоочу иш-милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин тутумун жетектөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык-сапаттык сактоону камсыз кылуу;

мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өзүм билемдик менен пайдалануу - өзүндө жоопкерчиликтүү сактоодо турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоочу тарабынан мамлекеттик материалдык резервди башкарууну жүзөгө ашыруучу буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатысыз пайдалануу же сатуу;

мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоо - мамлекеттик материалдык резервге салынган материалдык баалуулуктардын жоопкерчиликтүү сактоочулар тарабынан сакталышын камсыз кылуу;

материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүү - материалдык баалуулуктарды уюмда сактоо үчүн сатып алуу жана (же) жүктөө (жеткирүү).

3-берене. Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө мыйзамдар

Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

4-берене. Мамлекеттик материалдык резервди дайындоо

Мамлекеттик материалдык резерв төмөнкү максаттар үчүн арналат;

1) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи кезектеги жана кечиктирилгис иштерди киргизүүдө мамлекеттин керектөөсүн камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзүнчө план-тапшырмага ылайык өзгөчө жана согуштук абалы киргизилген учурларда, мобилизациялоодо же согуш убагында мамлекеттин керектөөсүн камсыз кылуу;

3) мамлекеттин ар кандай экономикалык тармактарына жана уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

4) ички рынокто материалдык-техникалык ресурстардын суроо-талабы менен сунуштарынын ортосунда дал келбестик келип чыкканда экономиканы турукташтыруу боюнча чараларды камсыз кылуу;

5) өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу;

6) гуманитардык жардам көрсөтүү;

7) рынокко жөнгө салуучу таасир көрсөтүү.

5-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын укуктук статусу

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастары сакталган жана жайгаштырылган жерлерине карабастан мамлекеттик менчик болуп саналат, күрөө предмети катары пайдаланылышы мүмкүн эмес жана менчиктештирүүгө жатпайт.

2. Материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын түзүү, сактоо жана тейлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан камсыз кылынат.

3. Мобилизациялык резервди түзүү, сактоо жана тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

6-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын номенклатурасы жана аларды топтоо ченемдери

1. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, ошондой эле бул номенклатураларды иштеп чыгуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Мамлекеттик материалдык резервде материалдык баалуулуктарды топтоонун ар жылдык көлөмү бул максаттарга республикалык бюджетте учурдагы финансылык жылга каралуучу каражаттардын чегинде мамлекеттик тапшырма түрүндө аныкталат. Мамлекеттик тапшырма ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын берилүүчү мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасынын чыгарылышынын жана толукталышынын план-божомолуна негизделет.

7-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин төмөндөтүлбөй турган запасы

1. Мамлекеттик материалдык резервдин курамында материалдык баалуулуктардын төмөндөтүлбөй турган (аларды сактоонун көлөмүн дайыма кармап туруучу) запасы түзүлөт.

2. Мамлекеттик материалдык резервдин төмөндөтүлбөй турган запасында сакталууга жаткан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы жана көлөмү, ошондой эле төмөндөтүлбөй турган запасын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

8-берене. Мамлекеттик материалдык резерв тутуму

1. Мамлекеттик материалдык резервди мамлекеттик жөнгө салуу жана түзүү жана сакталышын камсыз кылуу жаатында башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик материалдык резерв тутумунун түзүмү жана мамлекеттик материалдык резервди башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

9-берене. Мамлекеттик материалдык резервди түзүүдө жана башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органды жана мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын аныктайт;

2) мамлекеттик материалдык резервди түзөт;

3) мамлекеттик материалдык резерв тутумунун түзүмүн жана бул тутумду башкаруу тартибин аныктайт;

4) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасын жана топтоо ченемин бекитет;

5) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат;

6) материалдык техникалык баалуулуктар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды белгилейт;

7) ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин бекитет;

8) мамлекеттик материалдык резервдин тутумуна кирген уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жана чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу үчүн аларга мүлктү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат;

9) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кошумча салуу жөнүндө чечим кабыл алат;

10) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо үчүн арналган объекттерди жайгаштыруу жана куруу боюнча чечимдерди кабыл алат;

11) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин бекитет;

12) мамлекеттик материалдык резервди сактоону жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттердин чыгымдарынын ордун толтуруунун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир тийгизүү үчүн чыгарылуучу мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары үчүн чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин аныктайт.

10-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары

Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн компетенциясынын чегинде:

1) мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

3) өз компетенциясынын чегинде Мыйзам менен белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылат;

5) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет;

6) тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы, ченемдери жана сактоонун эрежелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;

7) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү жана сактоо боюнча чыгымдардын көлөмү жана түзүмү боюнча сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;

8) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырат жана жөнөтүүчүлөрдү тандайт жана Кыргыз Республикасынын чечимдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

9) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жаңылоо, алмаштыруу, карызга алып туруу жана жөнөтүү максатында материалдык баалуулуктарды чыгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

10) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

11) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын болуусун жана сапаттуу сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

12) мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарынан кызмат адамдарын жана адистерди текшерүүлөрдү (ревизияларды) жүргүзүүгө тартат;

13) алардын ведомствого баш ийгендигине жана менчигинин формаларына карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплектелишин контролдоону жүзөгө ашырат;

14) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун жана пайдалануунун тартибин бузууга күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына текшерүүлөрдүн (ревизиялардын) материалдарын жөнөтөт;

15) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын профили өзгөрүлгөн, кайра уюшулган же болбосо сактоочу пункттары жоюлган учурларда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын которуу жөнүндө чечим кабыл алат;

16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

11-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларынын негизинде аларга ведомстволук караштуулуктагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аймагында мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча сунуштарды киргизишет;

2) ведомстволук караштуулуктагы аймактарда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын түзүү, сактоо жана пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылышат;

3) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмеги боюнча сунуштарды даярдайт, алар менен келишимдерди түзүүдө көмөк көрсөтүшөт;

4) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүдө жана салууда жана аларды сактоодо уюмдарга жардам көрсөтүшөт;

5) аларга ведомстволук караштуулуктагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизациялык резервди түзүү үчүн жоопкерчилик тартышат;

6) зарыл болгон учурда, мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу же чыгаруу жөнүндө сунуштар, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу жөнүндө сунуштар менен кайрылышат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

12-берене. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун каржылоо

1. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүү, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын тейлөө, мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу, брондон чыгаруу жана мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды которуу менен байланышкан чыгашаларды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын карызга алып туруу, убакыттагы айырма менен жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу жана сатуу тартибинде чыгарганда үстөктөрдүн жана кошуп эсептөөлөрдүн өлчөмдөрү белгиленет, алар ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын жана башка чыгашаларын жабуу үчүн пайдаланылат.

3. Жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу менен байланышкан же башка негиздер боюнча мамлекеттик резервден чыгарылуучу материалдык баалуулуктарды алуучулар тарабынан төлөнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык пайдаланылат.

13-берене. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү

Ыйгарым укуктуу органдын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, байланыш каражаттары жана башка мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын оперативдүү башкаруусунда болот.

14-берене. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды түзүү

1. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө мамлекеттик тапшырыкчы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктар ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жайгаштырылат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу боюнча өз иш-милдеттерин мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоочуларга контракттык (келишимдик) негизде өткөрүп берүүгө укуктуу.

4. Товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеп турган жөнөтүүчүлөр, ошондой эле монополист-ишканалар мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө келишимдерди түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

15-берене. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүүлөрдү аткарууга дем берүү

Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүлөрдү, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумунун эксплуатациялык муктаждыктары жана капиталдык курулушу үчүн материалдык баалуулуктарды жөнөтүүлөрдү аткарууга дем берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

16-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары ыйгарым укуктуу органдын түзүмүнө кирген бөлүмдөрдө жана уюмдарда жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочуларда жайгаштырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик материалдык резерв тутумунун ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын жана башка объекттерин жайгаштыруу жана куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүзөгө ашырган ишканалардын жана уюмдардын тизмеги, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы жана топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Мобилизациялык жана башка атайын тапшырмалар белгиленген ишканалар, мекемелер жана уюмдар мобилизациялык резервден материалдык баалуулуктарды жайгаштырууну, сактоону, өз убагында жаңылоону, алмаштырууну, ошондой эле чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

17-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жөнөтүү, салуу жана сактоо өзгөчөлүктөрү

1. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүү мамлекеттин муктаждыгы үчүн продукцияларды жөнөтүүлөр болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүүлөр жүзөгө ашырылган жана аларга карата керектөөчүлөрдүн жашоосу, ден соолугу жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн коопсуздукту камсыз кылуу талаптары белгиленген материалдык баалуулуктардын ылайыктуулук сертификаттары, декларациялары же мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун бардык мөөнөтүнө карата көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулук жөнүндө башка документтер болууга тийиш.

3. Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөттөрү жана шарттары менчигинин формасына карабастан бардык жооптуу сактоочулар тарабынан сакталууга тийиш.

4. Мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченемдери, жөнөтүү, салуу, жайгаштыруу жана иш жүзүндөгү запасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат, аны жайылтуу Мыйзам менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.

5. Жооптуу сактоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) уюштуруучулардын жана жетекчилердин алмашуусу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоого;

2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары сакталган жерлерге тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылууга;

3) отчетторду жана башка документтерди белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу органга өз убагында берүүгө;

4) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышын камсыз кылууга;

5) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык курамынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында маалымдоого.

6. Жооптуу сактоочулардын уюштуруу-укуктук формаларынын өзгөрүшү же болбосо алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же жооптуу сактоочулардын мүлккө менчик ээлеринин алмашуусу жооптуу сактоочуларды мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоо боюнча милдеттенмелеринен бошотпойт.

18-берене. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негизи жана тартиби

1. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу брондон чыгаруу тартибинде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат;

1) алардын сатылышына жана эсептен чыгарылышына байланыштуу;

2) алардын жаңыланышына жана алмаштырылышына байланыштуу;

3) карызга алып туруу тартибинде.

2. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу тартибинде чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан он эки айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өз убагында жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте аларды сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде аларды биринчи кезекте бюджеттик уюмдарга бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Мамлекеттик материалдык резервдин запастарын жаңылоо кайра иштетүүгө дуушар болгон материалдык баалуулуктарды кийин мамлекеттик материалдык резервге салуу менен материалдык баалуулуктарды кайра иштетүү формасында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу, алмаштыруу жана жаңылоо тартибинде берүүдө алуучу (заемчу) материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге кайтарып берүү боюнча кепилдик милдеттенмени же күрөөлүк жактан камсыз кылат.

6. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алынган үчүн акы белгиленет. Бул акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик материалдык резервден карызга алынган материалдык баалуулуктардын наркына жараша аныкталат.

7. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кийинкиге калтырылгыс жумуштарды камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалулуктарды чыгаруу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-милдеттер жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабынын негизинде берилген Кыргыз Республикасынын тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.

8. Мамлекеттик материалдык резервдин өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылган материалдык баалуулуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттик каражаттардын эсебинен кайтарылууга жатат.

9. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана өлчөмдө акты алынат.

10. Мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн жана мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана согуш маалында калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруунун негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

19-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын ташууну камсыз кылуу

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын которуштуруу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Транспорттук ишканалар жана уюмдар:

1) мамлекеттик материалдык резервдин бардык материалдык баалуулуктарын салмагын же орундарынын санын (жүктүн түрүнө жараша) милдеттүү түрдө текшерүү менен ташпырышат жана кабыл алышат;

2) ташылып жаткан мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык-сапаттык сакталышы үчүн кийин тиешелүү коштомо документтерди милдеттүү түрдө берүү менен толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

20-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик

1. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүү (салуу) мөөнөтүн создуктургандыгы, кем жөнөткөндүгү (толук эмес салгандыгы) үчүн жөнөтүүчү (жооптуу сактоочулар) кем жөнөтүлгөн (кем салынган) материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөйт.

2. Карызга алынган материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге өз убагында кайтарып бербегендиги же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн алуучу кайтарып берилбеген же төлөөнүн берилбеген товардык-материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып жана төлөмдүн мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн милдеттенмени толук аткарганга чейин алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын кабыл алуу, чыгаруу жана жүктөп жөнөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбагандыгы үчүн жооптуу сактоочу өз мөөнөтүндө кабыл алынбаган, чыгарылбаган жана жүктөп жөнөтүлбөгөн материалдык баалуулуктардын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып жана мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн милдеттенмени толук аткарганга чейин алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

4. Мамлекеттик материалдык резервге узак сактоо үчүн жараксыз, комплекстүү эмес же өзүнүн сапаты жана ассортименти боюнча келишимдин шарттарына ылайык келбеген материалдык баалуулуктарды жөнөткөндүгү (салгандыгы) үчүн даярдоочу (жөнөтүүчү, жооптуу сактоочу) жаратпай салынган жана келишимдин шарттарына ылайык келбеген материалдык баалуулуктардын наркынын 10 пайызы өлчөмүндө төлөйт.

5. Мамлекеттик материалдык резервге маркаланбаган же талаптагыдай эмес маркаланган материалдык баалуулуктарды же болбосо талаптагыдай эмес тарада (таңгакта) жана келишимдин шарттарына ылайык келбеген материалдык баалуулуктарды жөнөткөндүгү, колдонуудагы стандарттарга ылайык келбеген пакеттөө каражаттарын пайдалангандыгы үчүн даярдоочу (жөнөтүүчү, жооптуу сактоочу) көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктардын наркынын 5 пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөйт.

Даярдоочу (жөнөтүүчү, жооптуу сактоочу) бир айдын ичинде жаратпай салынган материалдык баалуулуктарды, тараны (таңгакты) алмаштырууга, маркалоосун калыбына келтирүүгө же оңдоого милдеттүү.

6. Мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүлгөн (салынган) материалдык баалуулуктарда жашыруун өндүрүштүк кемтиктер табылганда, жөнөтүүчү мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөткөн (салган) убагына жана көрсөтүлгөн кемтиктердин табылган убагына карабастан мүлктүк жоопкерчилик тартат.

7. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн жооптуу сактоочулар, ошондой күнөөлүү адамдар мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын жетишпеген же эсептен чыгарылган кесепетинин наркынын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк айыпты, ошондой эле жетишпеген материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге толук калыбына келтиргенге чейинки ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туумду тең орток төлөйт.

8. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу боюнча товардык эмес операцияларды жол-жоболоштуруу учурлары белгиленгенде жооптуу сактоочу мамлекеттик материалдык резервге салынбаган материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жол-жоболоштуруу учурунан тартып мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды иш жүзүндө салганга чейин ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

9. Материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден келишимде каралган мөөнөттө тандап албаганда, алуучулар көрсөтүлгөн материалдык баалулуктарды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык сактоого байланышкан чыгымдардын, ошондой эле аларды тандап алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген убакыттын ичинде материалдык баалуулуктардын сапатын төмөндөтүүдөн келип чыккан зыяндын жана көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктарды жүктөп жөнөтүү үчүн берилген транспорттук каражаттарды пайдаланбагандыгы жана токтоп тургандыгы үчүн айып төлөө чыгашаларынын ордун толтурушат.

10. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелеринин жана шарттарынын бузулганы, өз убагында жаңыланбаганы жана алмаштырылбаганы, стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбегендиги, белгиленген отчеттулукту өз убагында бербегендиги табылган учурда, жооптуу сактоочулар бузууга жол берилген операциялар боюнча материалдык баалулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөйт.

11. Ушул беренеде каралган үстөк айыптар жана туумдар акысы төлөнгөн учурга карата материалдык баалуулуктардын бааларына жараша төлөнөт.

12. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жана мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды берүү боюнча негизсиз баш тарткандыгы үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумунун ишканалары, мекемелери, уюмдары жөнөтүүчүгө (сатып алуучуга) материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөйт.

13. Ушул беренеде каралган үстөк айыптарды, туумдарды жана башка милдеттенмелерди төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык сот органдарынын чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу органдын пайдасына жүзөгө ашырылат.

14. Ушул беренеде каралган үстөк айыптарды, туумдарды төлөө жооптуу сактоочуларды (жөнөтүүчүлөрдү) мамлекеттик материалдык резервге сапаттуу продукцияларды толук көлөмдө жөнөтүүдөн бошотпойт.

21-берене. Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн адамдардын жоопкерчилиги

Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

22-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарынын кыймылы жөнүндө жана болгонун эсепке алуу жана отчеттуулук, аларды эсепке алуу жана контролдоо

Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын болгону жана кыймылы жөнүндө бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

23-берене. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери

1. Ыйгарым укуктуу орган ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан жооптуу сактоочуларда жана ошондой эле башка субъекттерде турган материалдык баалуулуктардын болгону жана сапаттуу сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана адистерин тартат. Материалдык баалуулуктардын болгонун жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана адистерине акы төлөө негизги иш ордунан жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу орган материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө жеке менчик уюмдарда иштеген адистерди тартууга укуктуу. Аларга акы төлөө ыйгарым укуктуу органдын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүп берилген материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүү максатында жайларга кирүүгө укуктуу.

4. Материалдык баалуулуктардын болгону жана сапаттык сакталышы үчүн контролдун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарында каралган документтер түзүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн контролдоонун натыйжалары боюнча материалдарды мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо жана пайдалануу тартибин бузууга күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жиберүүгө укуктуу.

24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 3-июнунда N 42 жарыяланды

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 543-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

2014-жылдын 30-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган