Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун ишмердүүлүгү жөнүндө

Кеңешменин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты угуп жана талкууланган маселе боюнча ойлорун бөлүшүп, кеңешме төмөндөгүдөй чечти:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу бир жумалык мөөнөттө:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы №31-б буйругуна ылайык, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай данын сатып алуу маселесин иштеп чыксын;

- республиканын калкына ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай данын сатып алууну массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдасын.

2. Ушул протоколдун тапшырмаларынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн буудай сатып алууну баштайт.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу 10-августан тартып, айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алуу иштерин баштайт.

2016-жылдын түшүмүнөн клейковинасы 23пайыздан кем эмес, үчүнчү класстагы талаптарга жооп берген азык-түлүк буудай данын сатып алуу, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бекиткен квотага ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген баа боюнча жүргүзүлөт.

Белгиленген буудайды сатып алуу баасы килограммы 13 сомду түзөт.

Республиканын бардык аймактарында данды даярдоочу туруктуу пунктар иштеп жатат. Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык Көл облусунун Каракол шаарында, андан ары Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу аймактык даярдоочу-ишканалары тарабынан өз алдынча ташып жеткирүү менен, данды даярдоо үчүн убактылуу пунктар уюштурулду.

1. 2016-жылдын 3-августунда «Кыргыз Радиосу» маалыматтык агенттигине азык-түлүк буудай данын сатып алууга байланыштуу маек берди.

2. 2016-жылдын 4-августунда «Сентябрь ТВ» журналистери менен жолугушту.

 

3. Өкмөттүн пресс-кызматынын билдирүүсү боюнча 2016-жылдын 2-августунда «Tazabek» (http://www.tazabek.kg/news:1195449), «Zanoza» (http://zanoza.kg/doc/342435_fond_gosmatrezervov_nachinaet_zakypky_zerna_v_pynktah_priema.html)  маалыматтык порталдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу тарабынан буудай данын сатып алуу боюнча макала чыкты.