Фотогалерея

 

 

Өзбекистан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө, алардын материалдык-техникалык ресурстарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна  Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү уюштурууну тапшырган.

 

Минералдык жер семирткичтин баасы базар баасынан төмөн болот  жана фермерлерге жеткиликтүү баада сатылат. Сатуу баасы республиканын бардык аймактары үчүн бирдей болот жана төмөндөгүнү түзөт:

                   Аммик селитрасы                       - 16,60 сом/кг,

                   Карбамид                                        - 18,80 сом/кг.

 Байланыш телефондору:

1. Ош облусу Кара-Суу шаары - Джумабаев Камильжон 0-778-66-19-41

2. Жалалабад облусу.Жалалабад шаары Токтошев Кылыч 0-773-60-48-49,     

3. Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары Мамбеталиев Алишер 0-773-76-77

 

Республиканын түндүгүнө жеткирүү автомобиль транспорту менен айыл өкмөттөрүнүн тапшырыктарынын негизинде фермерлердин сурамына жараша жүргүзүлөт.