Фотогалерея

 

 

2016-жылдын азык-түлүк буудай данынын түшүмүнөн сатып алынуучу баасы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөргө өндүрүштүк жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-январындагы №31-б буйругунун 6-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 30-майындагы №41буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн клейковинасы 23 пайыздан кем эмес үчүнчү класстагы 2016-жылдын азык-түлүк буудай данынын түшүмүнүн сатып алынуучу баасы 13 сом/кг деңгээлинде белгиленди.