Фотогалерея

 

 

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу Балдарды коргоо күнүнө карата бир топ уюмдарга материалдык жардам берди.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу тарабынан Балдарды коргоо күнүн майрамдоого карата акча каражаттары жана биринчи сорттогу ун түрүндө төмөндөгү мекемелерге материалдык жардам бөлүндү:  

 - Покровкадагы үй бүлө жана балдарга социалдык жардам берүү борборуна 10000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражаты которулду.

-- Покровкадагы үй бүлө жана балдарга социалдык жардам берүү борборуна 3150 (үч миң жүз элүү) сом суммадагы 150 кг биринчи сорттогу ун  бөлүндү.

«Үмүт шамы» коомдук кайрымдуулук фондуна 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө акча каражаты которулду.

- «Максат» реабилитациялык борборуна 3150 (үч миң жүз элүү) сом суммадагы 150 кг биринчи сорттогу ун бөлүндү.

-Профсоюздардын борбордук комитетине 3150 (үч миң жүз элүү) сом суммадагы 150 кг биринчи сорттогу ун бөлүндү.