Фотогалерея

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТ МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН МАТЕРИАЛДЫК БААЛУУЛУКТАРЫН УЗАК МӨӨНӨТКӨ САКТОО ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАНЫ БЕКИТТИ

Өкмөт мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын узак мөөнөткө сактоо жөнүндө нускаманы  бекитти. Тиешелүү токтомго Вице-премьер-министр Олег Панкратов кол койду.

        Нускама Кыргыз Республикасынын жооптуу сактоочу ишканаларында узак мөөнөткө сактоого салынган мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөттөрү, шарттары, аларды кабыл алуу, кампага жайгаштыруу жана сапатын контролдоо тартибин аныктайт.

 

        Материалдык баалуулуктарды узак мөөнөт ичинде сактоонун негизги милдеттеринен болуп, бүтүндөй сактоо мезгили ичинде алардын сапатынын жана санынын сакталышын камсыз кылуу жана кыска мөөнөт ичинде аны тиешелүү багыттарда пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн дайыма даяр туруусун камсыздоо саналат.

            Бул милдеттер кампага жайгаштыруу жана аларды сактоо үчүн тиешелүү негизде кабыл алууну уюштуруу, ошондой эле материалдык баалуулуктарды өз учурунда иштеп чыгуу, жаңыртуу жана алмаштырып туруу аркылуу ишке ашырылууга тийиш.

        Материалдык баалуулуктарды узак мөөнөт ичинде сакталышын уюштуруу иши төмөнкүлөрдүн эсебинен минималдуу эмгекти жана каражаттардын чыгашаларынан уюштурулууга тийиш:

-                     жүктөөдө, түшүрүүдө жана кампа ичиндеги иштерди аткарууда механизациялоону колдонуу;

-                     сактоо мөөнөтүн узартууну камсыз кылган материалдарды иштеп чыгуу боюнча иштердин сапатын жогорулатуу;

-                     сактоо жайларын туура пайдалануу;

-                     материалдык баалуулуктардын бузулушун, сапатынын начарлашын, өндүрүш технологиясынын колдонуудагы ченемдерге жана бекитилген номенклатурага ылайык келбей калышын алдын алуу максатында, аларды сактоонун сапатына жана өз учурунда алмаштырылышына жана жаңыртылышына контролдук кылуу.

            Нускамада айтылгандай, узак мөөнөткө сактоого каралган материалдык баалуулуктар, күндөлүк материалдардан башка учурда (өзүнчө кампаларда, бөлмөлөрдө, жайларда, аянтчаларда же кампа ичинде атайы бөлүштүрүлгөн жайларда) колдонулуп жаткан коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу, өрттөн сактоо жана санитардык ченемдердин эрежелерине ылайык сакталууга тийиш.

        Материалдык баалуулуктарды сактоого өткөрүп берүүдө аларды сактоо тартиби бул нускамада белгиленбесе, ченемдик актылар менен белгиленген сактоо эрежелери менен жетектелиши зарыл.

        Эсепке алуу, отчеттуулук жана каржылоо белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

        Материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык жактан сакталышы үчүн жоопкерчиликти төмөнкүлөр тартышат:

- ишкананын жетекчиси;

- материалдык жактан жооптуу жактар.

Материалдык баалуулуктар багытталган максаттарга ылайык пайдаланышы үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:

-                     туруктуу техникалык комиссиянын (ТТК) төрагасы;

-                     тиешелүү бөлүмдүн башчысы же бул милдеттер жүктөлгөн кызматкер.

        Өз кезегинде, материалдык баалуулуктардын тиешелүү шарттарда сакталышын камсыздаган кампа аянтчаларын, бастырмаларды жана жабдылган аянтчаларын бөлүп берүү үчүн жоопкерчилик ишкананын жетекчисине жүктөлөт.

 

        Материалдык баалуулуктардын өз алдынча чыгашаланышына, сапаты начар сырьёнун жана материалдын кабыл алынышына жана сакталышына, ошондой эле алардын жоголуп кетишине же бузулушуна жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жооп берген ар бир кызматкердин милдети ушул Нускаманы билүү жана так аткаруу болуп саналат.