Фотогалерея

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТ МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДИН МАТЕРИАЛДЫК БААЛУУЛУКТАРЫН УЗАК МӨӨНӨТКӨ САКТОО ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАНЫ БЕКИТТИ

Өкмөт мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын узак мөөнөткө сактоо жөнүндө нускаманы  бекитти. Тиешелүү токтомго Вице-премьер-министр Олег Панкратов кол койду.

Нускама мамлекеттик материалдык резервге узак убакытка салынуучу материалдык баалуулуктарды кабыл алуу, кампага түшүрүү, сактоо мөөнөттөрүн жана шарттарын, сапаттык абалына көзөмөл жүргүзүү жана аны чыгаруу тартибин аныктайт.

 

          Мамлекеттик резервге коюлуучу материалдык баалуулуктар, техникалык жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келиш керек, узак мөөнөткө сактоого даяр болушу керек, ал эми алардын сапаттык абалы товардын сапатын тастыктаган  сертификаттар, изилдөөлөрдүн протоколдору менен тастыкталышы керек. Мамлекеттик материалдык резервге салынуучу материалдык баалуулуктардын, алардын сапатын тастыктаган тийиштүү документтери болушу керек.

 

          Нускамада айтылгандай, сапаты боюнча ылайык келбеген, ошондой эле бузулган таңгакта, товардын сапатын ырастаган документи жок материалдык баалуулуктар сапат документтерин көрсөтүүгө, товарды алмаштырууга же жеткирүүчүгө кайтарып берүүгө чейин убактылуу сактоого кабыл алынат (3 айга). Товарлар убактылуу сактоодо бир айдан ашык болгон учурда, биринчи айда сакталуусун эсепке албай убактылуу сактоо үчүн акы алынат, ал кампанын ээлеген аянтына жана товарды сактоо убактысына жараша эсептелет.

  О= S x (T-1) x Cт, сом;

мында:

О – убактылуу сактоого төлөм, сом менен;

S – товар ээлеген аянт, кв.м;

Т – кампада сактоо убактысы, ай менен;

Ст – 1 кв.м. кампалык аянттардын ижара акысы, сом менен.

 

 

Заводдук таңгагы жок товарлар материалдык резервге сактоого коюлбайт. Мурун сактоодо турган материалдык баалуулуктарды узак убакытка сактоого коюуга тыюу салынат. Ошондой эле тамак-аш азыктары товарлардын бул түрүнүн таңгагына тийиштүү материалдардан тышкары башка материалдык-техникалык баалуулуктар менен чогуу сактоого тыюу салынат. Тамак-аш азыктарын сактоого өзүнчө кампалар бөлүнүп берилиши керек.