Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жамааты түштүктө жер-титирөөдөн жабыркаган тургундарга бир күндүк эмгек акыларын которушту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлери жамааттын чечими менен Ош облусунда 2015-жылдын 17-ноябрында болгон  жер-титирөөнүн кесепетинен  жабыркаган тургундарга жардам катары өздөрүнүн  бир күндүк эмгек акыларын   которушту.

 Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-ноябрындагы  № 571-б буйругуна ылайык, Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервден материалдык баалуулуктар чыгарылды:

Жогорку сорттогу буудай уну - 30.0 тонна;

Өсүмдүк майы                           - 8000 литр;

Жылытуучу мештер                  - 14 даана;

Меланж жууркандары              - 400 даана;

 

Кум-шекер                                 - 5 тонна