Фотогалерея

 

 

2019- жылдын 8 – февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2018 – жылда аткарган ишмердигинин жыйынтыгын караган коллегиясы өттү

2019- жылдын 8 – февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2018 – жылда аткарган ишмердигинин жыйынтыгын караган коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Айдаров Каныбек Абдраевичтин төралыгында, коллегия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти – Сатывалдиев А.В., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары – Каракулов Р.Т., «Дан» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Кылычев А.З., Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун бухгалтердик эсеп жана финансы бөлүмүнүн начальниги – Леписова К.С., Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги – К.К.Курмановдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Жээналиев А.Ж. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлеринин  катышуусунда өткөрүлдү.

Коллегиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2018 – жылда аткарган ишмердигинин жыйынтыгы каралды жана 2019 – жылга Фонддун коллегиясынын иш планы бекитилди.

 

Отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2018 – жылдагы ишмердиги, Коллегиянын чечими менен канаттандыраарлык деп табылды. 2019 – жылга Фонддун коллегиясынын иш планы жана 2019 – жылга башка көйгөйлүү маселелери бир добуштан бекитилди.