Фотогалерея

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери кезектеги ишембиликти өткөрүштү

Бүгүн, 24 – мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 – жылдын 27 – февралындагы №35-б буйругун ишке ашыруу үчүн «Таза жашоо» ураны алдында республиканын шаарларын жана калктуу конуштарын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрүлдү.

Фонддун кызматкерлери админстративдик корпусту жыйнашты жана айланасындагы Бишкек шаарынын Москва көчөсү боюнча арыктарды, газондорду жана көчөлөрдүн жээктерин тазалап иретке келтиришти.

 

Пландаштырылган иш – чаралардын алкагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Л.Толстой 234-А көчөсүндө жайгашкан Борбордук базасында санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш- аракеттер өткөрүлөт.