Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун дан жана андан алынган азыктардын сапатын баалоо боюнча лаборатория

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун лабораториясы Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Швецияда өндүрүлгөн заманбап приборлор жана жабдуулар менен 2013-жылы жабдылган.
Бардык приборлор, анализаторлор өлчөө процесстерин жана анализдердин жыйынтыктарын иштеп чыгуусу толугу менен автоматташтырылган лабораториялык приборлор болуп саналат, бардык изилдөөлөр жооптуу сактоочу ишканаларда сакталып турган дан жана андан алынган азыктардын абалын ыкчам көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн экспресс ыкмасы менен жүргүзүлөт.
Бардык приборлор Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун өлчөө каражаттарынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана текшерүү жөнүндө күбөлүгү бар.
Лабораторияны жабдуу деңгээли дан жана андан алынган азыктардын сапатынын негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыска мөөнөттө изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Кыргызстандын Евроазиялык экономикалык союзга (ЕАЭС) киргендигине байланыштуу, негизги көрсөткүчтөр болгон белокту камтуусу, «түшүү санын» аныктоо боюнча экспресс изилдөөлөрдү жүргүзгөн мындай лабораториялар биринчи зарылдык болуп саналат.
2016-жылдын июнь айында лабораториянын кызматкерлери: лаборатория башчысы, лабораториянын лаборанты Буудай данына лабораториялык изилдөө жүргүзүүгө Урал Мамлекеттик Федералдык метрология боюнча институтунун лабораториялык аралык салыштыруу изилдөөлөрүнүн катышуусунда дан жана андан алынган азыктарды изилдөөңүн 5-ыкмасы боюнча (Россия) Екатеринбург ш. жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө өзүнүн компетенттүлүгүн ийгиликтүү тастыкташты.

«Perten Instruments AB» фирмасынын INFRAMATIC 8600 инфракызыл анализаторунда - белокту камтуусун аныктоо;
«PERTEN» (Швеция) фирмасынын Faling Namber 1900 приборунда дандын жана ундун нан бышыруу сапаттарын, сууну сиңирүү мүмкүнчүлүктөрүнө изилдөө жүргүзүү;
- Sartorius Германия МА-15 анализаторунун жардамында экспресс - ыкмасы менен нымдуулукту аныктоо.

Лаборатория бул приборлордо экспресс – ыкмасы менен жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү аныктоодо лабораториялык изилдөөлөрдө далилденген жана белгиленген бул ыкмаларды андан ары колдонууда ката чыгууларды төмөндөтүү үчүн аныкталбаган баалоо жана валидациялоону жүргүзүштү.
Заказчиктин каалоосу боюнча лаборатория экспресс ыкмасы менен кыска мөөнөттө дан жана андан алынган азыктардын сапатын аныктоо боюнча башка көрсөткүчтөрүн да жүргүзө алат.
2017-жылдын 27 – июнунда лаборатория Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине алдындагы аккредитациялоо борбору тарабынан аккредитацияланды жана эл аралык стандарт жана техникалык компетенттүүлүккө ылайык, швед өндүрүшүндөгү заманбап жабдууларда эксперсс ыкмасы менен изилдөө жүргүзүү боюнча боюнча аккредитациялоо аттестатын (№ KG417/ КЦА, ИЛ.091) алышты.

Нравится