Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатуу кайрадан өткөрүлөрүн жарыялайт:

Категория: Жарыя
Жарыяланган: 08.10.2026 11:09

№

Мүлктүн аталышы

Жайгашкан жери

Баштапкы баасы (сом)

1

Лот №1 – турак жай, аянты 44,64 чарчы м, жер тилкеси 728,0 чарчы м.

Чүй облусу, Аламүдүн айылы, Заводская көчөсү, 32

16 840 000,0

2

Лот №2 – жер тилкеси, аянты 1000 чарчы м.

Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, А. Молдо көчөсү, 17

4 919 000,0

3

Лот №3 – жер тилкеси, аянты 2000 чарчы м.

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кытай айылы, С. Текебаев көчөсү, 18к

1 747 000,0

4

Лот №4 – турак жай, аянты 175,4 чарчы м, жер тилкеси 495,0 чарчы м.

Бишкек шаары, Ала-Тоо конушу, Терек-Сай көчөсү, 56

12 291 000,0

 

Аукционго катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  1. Аукционго катышуу жөнүндө арыз берүү;
  2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине мүлктүн баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөмдү которуу.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 7-декабры саат 18:00гө чейин, Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү 1, дарегиндеги имараттын 3-кабатында, 328-иш бөлмөсүндө кабыл алынат.

Аукциондун кадамы объекттин (лоттун) баштапкы баасына жараша төмөнкүдөй белгиленет:

Аукцион 2026-жылдын 8-декабрында саат 14:00дө, Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү 1, дарегиндеги имараттын 3-кабатында, 334-иш бөлмөсүндө өткөрүлөт. Катышуучулардын каттоосу аукцион башталганга чейин 30 мүнөт мурда аяктайт.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0312 56-35-77

Реквизиттер:

КР Финансы министрлигине караштуу Борбордук казына;

Атайын эсеп: № 4402051102002738;

ИСН: 01210200110114;

БИК: 440001;

ИУЖК: 22856109;

Төлөм коду: 14241600.

Төлөмдүн багытында тоорукка катышуучунун аты-жөнүн жана лоттун номерин көрсөтүү зарыл.

Нравится