Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатуу өткөрүлөрүн жарыялайт

Категория: Жарыя
Жарыяланган: 06.08.2026 04:20

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү ачык тоорук (аукцион) аркылуу сатуу өткөрүлөрүн жарыялайт:

Мүлктүн аталышы Жайгашкан жери Баштапкы баасы (сом)
1 Лот №1 – турак жай, аянты 44,64 чарчы м, жер тилкеси 728,0 чарчы м Чүй облусу, Аламүдүн айылы, Заводская көчөсү, 32 16 840 000,0
2 Лот №2 – жер тилкеси, аянты 1000 чарчы м Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, А. Молдо көчөсү, 17 4 919 000,0
3 Лот №3 – жер тилкеси, аянты 2000 чарчы м Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кытай айылы, С. Текебаев көчөсү, 18к 1 747 000,0
4 Лот №4 – турак жай, аянты 175,4 чарчы м, жер тилкеси 495,0 чарчы м Бишкек шаары, Ала-Тоо конушу, Терек-Сай көчөсү, 56 12 291 000,0

Аукционго катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  1. Аукционго катышуу жөнүндө арыз берүү;

  2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине мүлктүн баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөмдү (задаток) которуу.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 5-октябры саат 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 1, 3-кабат, 328-кабинет.

Аукциондун кадамы объекттин (лоттун) баштапкы баасына жараша төмөнкүдөй белгиленет:

Аукцион 2026-жылдын 6-октябрында саат 14:00дө төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары, Ч. Айтматов көчөсү, 1, 3-кабат, 334-кабинет.

Катышуучуларды каттоо аукцион башталганга чейин 30 мүнөт мурда аяктайт.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0312 56-35-77

Реквизиттери:

Төлөмдүн багытында тоорукка катышуучунун аты-жөнүн (же аталышын) жана лоттун номерин көрсөтүү зарыл.

Нравится