Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Мусабековдун Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоосу
- Подробности
- Создано: 03.03.2022 06:04
Урматтуу мекендештер!
Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Мамлекеттик туу — ар бир жарандын мекенге болгон атуулдук сезимдерин чагылдырып турган символ.
Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз - Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү.
Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.
Кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! Жараткан жерибизге береке, элибизге оомат, дөөлөт, биримдик берсин!