Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун тузулүү тарыхы

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 1992-жылдын 15-январындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-декабрындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик борбордук органдарынын түзүмүн кайра уюштуруу жөнүндө” №357-ПЖ Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 25-июнундагы №156-ПЖ Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду болуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы №101 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик комиссияга караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду болуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы №462-ПЖ Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик комиссияга караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик агенттигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду болуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425-ПЖ Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик агенттигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча Мамлекеттик агенттиги жоюлгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары мамлекеттик материалдык резервдер Фонду) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдеги материалдык баалуулуктарды пайдалануу жана сактоо, топтоону камсыз кылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаты мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо болуп эсептелет.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалды киргизген, мобилизациялоо учурларындагы же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу;

- мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резервдер тутумун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону жана чыгарууну уюштуруу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

- мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылат;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы, топтоо ченеми боюнча жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүдөгү жана сактоодогу чыгымдардын көлөмү, түзүмү боюнча республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;

- мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырат жана жөнөтүүчүлөрдү тандайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

- ведомстволук таандыктыкына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык жактан текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү, жаңылоо, алмаштыруу, сактоо боюнча милдеттенмелердин ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочулар тарабынан аткарылышына контроль жүргүзөт;

- мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте жогорку органдарга берет;

- ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплектелишин контролдоону жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө жооптуу сактоочулар тарабынан берилген сактоо милдеттенмелеринин актыларына, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун материалдык жактан жооптуу адамдарынын кабыл алуу актыларына ылайык материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте коюуну, ошондой эле азайбас запастан башка мамлекеттик материалдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнөн 50 пайызга чейин сатуу же карызга алуу тартибинде материалдык баалуулуктарды брондон чыгарууну жана чыгарууну бекитилген форма боюнча тапшырмалардын негизинде он эки айдан ашык эмес мөөнөттө ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген баа менен аларды өз убагында жаңылоо максатында сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде биринчи кезекте бюджеттик мекемелер боюнча белгиленген тартипте бөлүштүрөт;

- мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченеми, жеткирип берүү, коюу, жайгаштыруу орду жана иш жүзүндөгү запасы жөнүндө маалыматтарды жашыруундук тартибин сактоо менен берет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

 

Нравится