КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДИН ЖООПТУУ САКТООЧУ ИШКАНАЛАРЫНДА ДАН ЖАНА НАН АЗЫКТАРЫН ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ТАРИЗДӨӨНҮН ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАНЫ БЕКИТТИ

Категория: Жаңылыктар
Жарыяланган: 16.05.2016 08:03

Өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервинин жооптуу сактоочу ишканаларында дан жана нан азыктарын жана операцияларды тариздөөнүн эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитти. Тиешелүү токтомго Вице-премьер-министр Олег Панкратов кол койду.

 

Токтомдо айтылгандай, Мамлекеттик материалдык резервге салынган дан жана нан азыктары өзүнүн сапаты боюнча белгиленген кондицияларга (ченемдерге) ылайык келип, узак мөөнөттө сакталышы керек. Ун жана акшак зыяндуу курттарга чалдыкпаган катуу, таза, белгиленген талаптар боюнча жасалган полипропилен каптарына салынышы керек.

Данды жана нан азыктарын аймактарда жайгаштыруу аткаруу жана контролдоо функцияларын ишке ашырган Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – мамлекеттик материалдык резервдин ыйгарым укуктуу органы) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталган жооптуу сактоочуларда керектөө жайларына сакталышын максималдуу түрдө жакындаштыруу зарылчылыгынан, рационалсыз ташууну, ошондой эле ишканалардын жана уюмдардын техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн азайтууну эсептөө менен жүргүзүлөт.

Мамлекеттик материалдык резервдин даны жана нан азыктары мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана техникалык базасы Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) тарабынан текшерилген жооптуу сактоочу ишканаларында сакталат. Андан ары Ыйгарым укуктуу мамлекеттик материалдык резервдер органы жооптуу сактоочу ишканалар менен эки тараптуу келишим түзөт, анда тараптардын укуктары, милдеттери, каржылоосу, өз ара эсептешүүсү, мүлктүк жоопкерчилиги белгиленет. Мамлекеттик материалдык резервдин даны жана нан азыктары жооптуу сактоочу ишканалардын башка материалдык баалуулуктарынан классын, түшүмдүн жылын жана келүүсүн (Кыргызстан, Казакстан, Россия ж.б) эске алып бөлөк жайгаштырылышы керек.

Мамлекеттик материалдык резервдин нан азыктарын сактоо жана сандык-сапаттык сакталуусун камсыздоо  үчүн, жооптуу сактоочу техникалык жактан оң, санитардык ченемдерге жооп берген өрткө каршы каражаттар менен жабдылган кампаларды жана силос үчүн жайларды бөлүп бериши керек.

 

Нан азыктарынын биологиялык өзгөчөлүгүн эске алып, аларды сактоо максатында, жооптуу сактоочу тарабынан которуу, желдетүү, кургатуу, тазалоо, данды сактоонун кышкы режимине өтүү жана башка белгиленген сактоо режимин камсыздоого зарыл болгон операцияларды жүргүзөт.

Нравится